Бишкек. 11.04.2019. Govori.TV.
Бүгүн, 11-апрелде Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы 12 жаштагы окуучу бала уурдалганын билдирди.
Бүгүн саат 09:00 чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кант шаарынан өспүрүм бала уурдалгандыгы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ алгачкы маалыматтарды тактады.
Саат 08:40 чамасында Кант шаарындагы 2-кичи райондогу үйүнөн мектепке баруу үчүн чыккан 12 жаштагы Данил Браилкинди ак түстөгү «Хонда Фит» унаасы менен барган белгисиз адамдар алып кетишкен. Бул факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен каттоого алынып, ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.
Ички иштер органдары Браилкин Данилдин жүргөн жерин билген же ак түстөгү «Хонда Фит» унаасын байкаган жарандардан жардам сурайт. Бардык суроолор, маалыматтар боюнча милиция кызматкерлери менен 102, 0312 43 01, 27 43 88 85, 070028 26 99 номурлары аркылуу байланышууга болот.
