• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чүйдө өспүрүм кызды 62 жаштагы жездеси зордуктап жүргөн

6 Теке 2021 17:02 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда 13 жаштагы кызды жездеси зордуктап жүргөн. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Анын айтымында, окуя 2019-жылы болгон, анда кыз 13 жашта болчу. Кыздын атасынын айтымында, эжеси кызын үйдө жардам берүү үчүн бир аз убакытка жанында болууну суранган. Көчүп келгенден эки жума өткөндөн кийин, эженин күйөөсү кызга ыдык көрсөтө баштаган.

«Түндө оозун жаап, зордуктап салган. Кызым бир нече жолу жездеси колунан, бутунан жана көкүрөгүнөн кармалап жатканын айткан. Ал кичинекей баладай эле кам көрүп жатат деп ойлогонбуз. Мындай болорун эч ким элестете алган жок. Ал учурда 62 жашта болчу», — деп билдирген кыздын атасы жактоочуга.

Жабырлануучу окуяны толугу менен ушул жылы гана айтып берүүнү чечкен. Ага чейин кыз зордуктаган деп шектелген адам аны жана атасын өлтүрөм деп коркуткандыктан коркуп айта албай жүргөнүн билдирген.

Количество просмотров: 2885