• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чүйдө 15 адам коронавирус жуктурду деп жалган маалымат тараткандар кармалды

28 Жалган куран 2020 12:11 Бишкек Govori.TV

Чүйдөгү ооруканалардын  жугуштуу оорулар бөлүмүндө коронавирус жуктурган 15 адам жатат деп социалдык тармак аркылуу жалган маалыматтарды тараткан эки киши кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, фейк маалымат таратты делген Кара-Балта шаарынын 28 жаштагы тургуну Э. Р. менен Жайыл районунун 27 жаштагы тургуну А. С. 25-26-март күндөрү колго түшүрүлгөн.

«Кармалгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада кылган ишинин туура эместигин мойнуна алышып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты», — деп айтылат маалыматта.


Бул факт боюнча материалдар Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 280-беренесинин («Санитардык эпидемиологиялык эрежелерди бузууга аракеттенүү») белгилери боюнча катталды.

Количество просмотров: 351