• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Чүйдө 16 жаштагы кыз унаасы менен кырсыкка кабылып, 1 адам каза болду

14 Жалган куран 2023 11:45 Бишкек Govori.TV

Чүйдө 16 жаштагы кыз Хонда-СРВ унаасы менен кырсыкка кабылып, унаадагы 1 адам каза болду. Маалыматты Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 11-март күнү саат 16:30 чамасында катталган. 2006-жылы туулган кыз Бишкек — Ала-Арча жолунун 13,500-чакырымында бара жатып рулга ээ боло албай, унаа тоголонуп кеткен. Кызда айдоочулук күбөлүк болгон эмес.

Кырсыктын кесепетинен:

  • айдоочу 2006-жылы туулган А.кызы А.
  • жүргүнчү 2006-жылы туулган С.М.Э.
  • жүргүнчү 2006-жылы туулган Э.А.Э.
  • жүргүнчү 2006-жылы туулган М.А.Т. Бишкек шаарынын 4-ооруканасына жаткырылган.
  • жүргүнчү 2006-жылы туулган З.А.З окуя болгон жерден каза болгон.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, кыз атасынын унаасын сурабай айдап кеткен. Каза болгон 16 жаштагы өспүрүм айдоочунун классташы болгон.

Количество просмотров: 258