Москва районунда киши өлтүрүүгө шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 4-декабрында Москва райондук ички иштер бөлүмүнө 40-45 жаш курактагы эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда каза болгон адам 1981-жылы туулган А.А. аттуу жаран экендиги такталган.
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында каза болгон жарандын муунтулгандыгы аныкталган. Анын негизинде катталган материал кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
«Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1982-жылы туулган О.Б. жана 1979-жылы туулган Э.Ж. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы окуя мас абалында ортодон чыккан пикир келишпестиктен улам болгон»,-деп айтылат маалыаматта.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.