• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Чет өлкөлүктөр үчүн кумар оюндарын уюштургандар кармалды

22 Чын куран 2024 16:00 Бишкек Govori.TV

Чет өлкөлүк жарандар уюштурушкан көмүскө оюн-зоок жайынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

ИИМдин ыкчам кызматы Бишкек шаарында чет өлкөлүк жарандар тарабынан уюштурулган көмүскө оюн-зоок жайын тапкан. Аныкталган маалыматтар боюнча көмүскө оюн-зоок жайы чектелген адамдар үчүн гана иштеп келген. Бул көмүскө жай сырттагыларга “караоке” катары көрүнүп келген.

Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси (Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралар өткөрүлдү.

«Бул жайга ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери кирген учурда Азия өлкөлөрүнүн биринин 20дан ашык жараны көңүл ачып жүрүшкөн. Ошондой эле 13 кыз болгон, алардын бири жашы жете элек болуп чыкты. Имараттын ичинде оюн столдору табылган. Мындан сырткары, акча каражаттары, фишкалар алынган. Бардык чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде ал жакта жүргөн кыздар Свердлов райондук ИИБге жеткирилди. Көмүскө оюн-зоок жайынын ээси- чет өлкөлүк жаран 1984-жылы туулган Ч.Х. жана Бишкек шаарынын тургуну 1983-жылы туулган М. А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 63