• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өзбекстанда жарандарды АКШга жөнөтүүгө убада бергендер кармалды

2 Чын куран 2024 9:15 Бишкек Govori.TV

Навои облусунда жарандарды АКШга жумушка жөнөтөм деген алдамчылар пара менен кармалды.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундун ишенимине кирип, АКШга жумушка жөнөтөм деп андан 20 миң доллар алып жаткан шектүү кармалды.

Мындан тышкары Навои шаарында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чарада жергиликтүү жашоочуга Мексика аркылуу АКШга жумушка жөнөтүүгө убада берип, андан 14 000 доллар алып жаткан киши кармалган.

Бул иштердин негизинде «Алдамчылык» жана «Пара берүү» беренелери боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Мурдараак Мексика жана башка өлкөлөр аркылуу АКШга мыйзамсыз барган 74 өзбек жараны мекенине экстрадицияланганы маалымдалган.

2023-жылы 21-декабрда АКШ өкмөтү 119 өзбек жаранын Ташкентке кайтарганы кабарланган.

2023-жылы күзүндө Fox News телеканалы акыркы эки жылда Өзбекстандын жарандары АКШнын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндөрдүн саны боюнча үчүнчү орунду ээлегенин билдирген.

Телеканал мындай статистиканы АКШнын Чек ара кызматынан алынган маалыматка таянып жарыялаган. Fox News акыркы эки жылда 13 624 өзбекстандык АКШга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылганын белгилеген.

Количество просмотров: 45