• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чүйдө 48 баш кой урдоого шектелгендер кармалды

7 Бештин айы 2020 14:31 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда мал уурдоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

1-декабрда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 61 жаштагы жергиликтүү тургун Б.К. кайрылып, 30-октябрга караган түнү белгисиз адамдар Ысык-Ата районундагы айылдардын биринен ар кандай түстөгү 48 баш коюн уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факт Ысык-Ата РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Чүй ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери уурдалган мал ташылган унааны жана шектүүлөрдү аныкташып, жыйынтыгында 24 жаштагы М.Р., 18 жаштагы Ч.А. жана М.З.кармалды.

Андан тышкары уурдалган малды сатып алган адам аныкталды. Ал. К.Э. аттуу жаран экени белгилүү болуп, тергөө учурунда өз ыктыяры менен жабырлануучу Б.К.га 15 баш койду кайтарып берди.

Ал эми 2 шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалгандар ушул сыяктуу жетиге жакын кылмышка тиешеси бар экени белгилүү болуп, алар боюнча да тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 124