• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мас абалындагы энесин кайтарган кыз табылды

25 Теке 2019 12:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.07.2019.Govori.TV.

Чүй облусунун Сокулук айылында мас аялдын жанынан  5-6 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыз эртең менен көчөдө уктап жаткан аялдын жанынан табылып, Чүй облустук оорукананын балдар бөлүмүнө жөнөтүлгөн.

Ал эми социалдык кызматкерлер милиция  менен биргеликте  аялдын документтерин караштырып, кыздын жашоо шартын текшере турганы айтышты.

Количество просмотров: 22