Бишкек.07.06.2019.Govori.TV.
Сокулук районунда 15 жаштагы кыз муунуп каза тапты. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 6-июнда ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына Арал айылында жашы жете элек кыз суидцидге барганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Окуя катталган жерге ыкчам-иликтөө тобу барып, даракка асылып турган кыздын жансыз денесин табышкан.
Маркум кыздын өздүгү аныкталып, ал 15 жаштагы М. М.экени белгилүү болгон.
Учурда сотко чейинки иликтөө иштери башталган.