• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чүйдө абактан качкандар кармалды

2 Бугу 2021 11:35 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан абактан качкан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун милиция кызматкерлеринин ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда болжол менен саат 08:30дар чамасында абактан качкан экинчи шектүү 1995-жылы туулган Тынарбек уулу Миңбай Кемин районундагы тоо арасынан кармалды. Анда милиция кызматкерлеринен жашырып жаткан.

Ал эми биринчи шектүү 2000-жылы туулган Даниел Камчыбеков кечээ, 1-майда райондук милиция кызматкерлери тарабынан Орловка шаарында жайгашкан Подгорное айылында кармалган.

Абактан качуу фактысы боюнча материалдар КЖБР катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Учурда ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан аталган факт боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 218