• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чүйдө адамды өлтүрүп, сууга ыргытып жиберишкен. Шектүүлөр кармалды

30 Чын куран 2023 13:24 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Панфилов районунда адамды өлтүрүп, сууга ыргытып жибергенге шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ишки иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде Панфилов районунун Жайылма айылынын түндүк тарабындагы Чоң Чүй каналында эркек кишинин сөөгү табылган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, сөөктө зомбулуктун издери бар экендигин аныктаган. Соттук-медициналык эксперт тарабынан да ал тастыкталган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында өлгөн адамдын өздүгү аныкталып, ал 55 жаштагы В.Х. аттуу жаран экендиги такталган. Ал эми кылмышка шектүү катары 35 жаштагы К.Т. жана 61 жаштагы Д.Т. аттуу жарандар кармалган. Алар милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

“Тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя ичкиликтин айынан ортодогу чырдан улам келип чыкканы аныкталган. Кылмыш жообунан кутулуу максатында шектүүлөр сөөктү Чоң Чүй каналына ыргытып жиберишкен”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 78