• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чүйдө аккумулятор уурдоого шектүүлөр кармалды

16 Жетинин айы 2021 10:42 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда бир нече унаанын аккумуляторлорун уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, милицияга Лебединовка айылынын 50 жаштагы Т.М. жергиликтүү тургуну кайрылган. Анын айтымында, 2021-жылдын 11-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар жүк ташуучу автоунаасынын 2-аккумляторун уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде каттоого алынган. Сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 23 жаштагы Т.Б. жана 22 жаштагы К.А. кармалган. Экөө тең Чүй облусунун тургундары болуп чыкты. Маалым болгондой, милиция кызматкерлери адегенде кылмыштуу делген адамдар айдап жүргөн «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын таап, андан соң шектүүлөрдү кармашкан. Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө унаанын ичинен аккумуляторлорду уурдоо иштерин жүргүзүп жаткан шаймандары табылганы белгилүү болду. Ошондой шектүүлөрдүн 7 кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

Иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 59