• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чүйдө аялдын үйүнөн 8 кг 930 грамм гашиш табылды

26 Теке 202117:37 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда аялдын үйүнөн 8 кг 930 граммды түзгөн гашиш табылды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине 40-45 жаштагы жаран Чүй облусунунан Россиянын Новосибирск облусуна баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факты Жазык кодексинин 267-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) белгилери менен катталган.

«Жүргүзүлгөн мындан аркы тергөө амалдарынын жана ыкчам иш-чараларынын натыйжасында 42 жаштагы Р.Н. аттуу аял кармалган. Шектүүнүн жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүү учурунда 762 даана таңгакталган баңги каражаттары алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8 кг 930 граммды түзгөн гашиш баңгизаты алынган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.

Количество просмотров: 178