• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чүйдө бир аптада 32 мас айдоочу кармалды

26 Теке 202110:01 Бишкек Govori.TV

19-июлдан 25-июлга чейинки аралыкта Чүй облусунун аймагында милиция кызматкерлери жалпы 2 миң 258 жол эрежесин бузуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен:

— 32 айдоочу унааны мас абалында башкарган;

— 814 айдоочу унааны жогорку ылдамдыкта айдаган;

— 23 айдоочу унааны документсиз айдаганы үчүн кармалган;

— 63 унаа айып аянтчасына токтотулду.

Количество просмотров: 114