Сокулук районунда блокпостто турган аскер кызматкерин жеңил унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 21-май күнү саат 21:00 чамасында Кара-Сакал айылындагы блокпостто болгон. Анда блокпостто турган аскер кызматкери айдоочудан тийиштүү документтерин сураган. Бирок, айдоочу сураган документтерди көрсөтүүдөн баш тартып, аскер кызматкерин сүзүп өткөн. Жабыркаган аскер кызматкери шаардагы Травматология жана ортопедия борборуна жаткырылган.
«Учурда айдоочунун унаасы айып корооого токтотулуп, иштин материалдары Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн»,-деп айтылат маалыматта.