Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы эки баланы сүзүп кеткен оор жүк ташыган автоунаанын айдоочусу кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-октябрда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жол кырсыгы боюнча билдирүү түшкөн. Бул факт Жайыл РИИБде каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн. Барган учурда 2025-жылдын 13-октябрында болжол менен саат 18:30 чамасында Кара-Балта шаарында, Чапаев көчөсүндө жүк ташуучу унаанын айдоочусу, 1956-жылы туулган жаран Г.М. түндүктөн түштүк багыты боюнча бара жатып, жөө жүргөн эки өспүрүмдү 2018-жылы төрөлгөн А.А. жана 2017-жылы төрөлгөн А.И. сүзүп кеткендиги аныкталган.
Жол кырсыгынын кесепетинен эки өспүрүм окуя болгон жерде каза болушкан. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Айдоочу Г.М. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө иштери уланууда.