• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чүйдөгү №50 тергөө изоляторуна баңгизат киргизүү аракети алдын алынды

19 Бугу 2022 15:33 Бишкек Govori.TV

Чүйдөгү №50 тергөө изоляторуна баңгизат киргизүү аракети алдын алынды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-майда саат 21:20 чамасында Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында СИЗО-50 аймагына баңгизатын алып кирүү аракети токтотулган.

Жыйынтыгында мекеменин аймагына скотч жана зым менен оролгон таңгакты ыргытууну көздөгөн А.Р.М. аттуу жаран кармалган.

«Мыйзамсыз посылканы ачууда жалпы салмагы 127 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты Ысык-Ата райондук ИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган жаран жана чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн аймактык милиция бөлүмүнө өткөрүп берилди.

Мындан тышкары, соттолгондордун ичинен тыюу салынган буюмдарды алдырууну көздөгөн кардар аныкталып, күнөөсүн мойнуна алган. Аталган факты мекеменин окуяларды каттоо китебине катталып, тийиштүү чара көрүү үчүн Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн.

Теги:
Количество просмотров: 90