• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чүйдөгү Көл-Төр көлүнө сууну азайтуучу түтүк орнотулду

4 Баш оона 202410:20 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Чүй районунун Кегети айыл аймагындагы бийик тоолуу Көл-Төр көлүнүн деңгээли көтөрүлүп, суу ашып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Көлдү көзөмөлдөө жана сифон ыкмасында суу түтүгүн орнотуу үчүн куткаруучулар Кегетиге чыгышкан.

Ал эми анын абалын текшерүүгө, изилдөөгө Өзгөчө кырдаалдарга божомолдоо жана мониторинг жүргүзүү департаментинен 2 кызматкер, коопсуздандыруу иштерине ӨКМдин Чуй облустук башкармалыгынын 24 куткаруучу жеринде иштешти.

Куткаруучулар сифон ыкмасы менен сууну азайтуу максатында 150-диаметрдеги 138 метр желим түтүк орнотушту. 4-августта дагы 135 метрлик түтүктөн экини орнотуу пландалууда.

Теги:
Количество просмотров: 103