• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чүйдө изделип жаткан 18 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды

1 Жалган куран 202210:58 Бишкек Govori.TV

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы Павел Тигайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кайырма жана Ленинское айылынын ортосунда аты-жөнү белгисиз адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу милицияга билдирүү келип түшкөн. Жерине ыкчам топ барып, маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзгөндө көгала тактар болгон эмес.

«Каза болгон жаран дайынсыз болуп изделип жаткан 2004-жылы туулган Павел Тигай экени такталды. Учурда тергөө амалдары улантылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Павел Тигай 18-февралда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Количество просмотров: 507