Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Чүйдө “Йакын инкар” агымынын активдүү мүчөлөрү кармалганын билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 31-майында УКМК менен ИИМ биргеликте Чүй облусунда тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний агымынын активдүү мүчөлөрү жана жактоочулары жашаган жеринде издөө иштерин жүргүзүп, алдын ала маалыматтар боюнча экстремисттик идеологияны үгүттөөчү көп сандагы басылмалар, электрондук маалымат каражаттары (компьютерлер, флешкалар жана башка) табылган.
Жыйынтыгында тыюу салынган кыймылдын 16 мүчөсү кармалып, алардын ичинен өзүн мусулмандардын «халифасы» деп эсептеген М.Б.М. Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгүнүн («Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо») негизинде айыпталып, №1 тергөө камак жайына киргизилген. Калган жарандарга тиешелүү чаралар көрүлүүдө.