• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чүйдө күйөөсү аялын өлтүрүп, өз жанын кыюуга аракет кылган

26 Теке 2021 15:39 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда күйөөсү аялын өлтүрүп, өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-июнунда саат 07:23 чамасында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Ак-Жар айылында бычактан жаракат алуу фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Аламүдүн РИИБнүн тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барганда аялдын жансыз денесин табышкан (алдын-ала маалымат боюнча ал бычактан жаракат алган). Маркум 1986-жылы туулган И.Г. экени аныкталган. Мындан тышкары, эркек адам дагы ошол эле жерден табылган. 1983 жылы туулган З.Ж. бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 130 (адам өлтүрүү ) беренеси менен каттылып, сотко чейинки өндүрүш башталып, керектүү экспертизалар дайындалды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, күйөөсү аялына бычак менен кол салып, аны өлтүрүп, өз жанын кыюуга аракет кылгандыгы белгилүү болду. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Количество просмотров: 210