• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Чүйдө каракчылыкка шектүү жарандар кармалды

8 Чын куран 2022 12:23 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 3-апрелинде Сокулук РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Кашка-Баш айылындагы каракчылык фактысы боюнча билдирүү түшкөн.

Аталган жерге Сокулук РИИБнин тергөө-ыкчам тобу барып, 2022-жылдын 3-апрелинде саат 15:40 чамасында 13 жаштагы У.А. аттуу жергиликтүү тургун жайлоодо мал кайтарып жүргөн учурда, аны белгисиз адамдар бычак менен коркутуп, телефонун тартып алып, мамлекеттик номери жок «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаа менен изин жашырып кетишкени белгилүү болгон.

Арыз менен жабырлануучу баланын атасы 43 жаштагы Ж.Ж. аттуу жаран кайрылган.

Аталган факты Сокулук РИИБне 206-беренинин (Тоноо) негизинде катталып. Сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип 20 жаштагы И.А., 27 жаштагы Н.Э. жана 16 жаштагы О.Д. аттуу жарандар кармалган.

Шектүүлөрдүн экөө убактылуу кармоочу жайга киргизилип, андан соң аларга карата райондук сот тарабынан 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Количество просмотров: 145