Бишкекте патрулдук полктун кызматкерлери каракчылыкка шектелген эки жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
3-сентябрь түнү М.Рыскулов жана К.Бобулов көчөлөрүнүн кесилишинен эки белгисиз жаран бир адамды маки менен коркутуп, уюлдук телефонун тартып алган. Окуя болгон жерден анча алыс эмес жерде күзөттө турган милиция кызматкерлери кыйкырган үндү угушуп, ошол жакты көздөй барышкан. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү эки кишини кармашкан. Текшерүү учурунда алардын жанынан уурдалган телефон жана бычак табылган.
Кылмышка шектелгендер 35 жаштагы Н.А., 26 жаштагы Р.Д. аттуу жарандар болгон. Экөө тең бир нече ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.