• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ысык-Атада каракчылыкка шектелген жарандар кармалды

12 Баш оона 2023 10:27 Бишкек Govori.TV

Ысык-Ата районунда каракчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-июлда Ысык-Ата РИИБине арыз менен Ивановка айылынын тургуну 1996-жылы туулган Д.Ө. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү түнкү саат 01:30 чамасында белгисиз азиат улутундагы 20-25-жаштардагы адамдар Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылына жакын талаадан аны ур-токмокко алышып жанындагы 8 миң сом акчасын жана чөнтөк телефонун тартып алганын билдирип, чара көрүүнү суранган.

Бул факт Ысык-Ата РИИБине катталып, КР Кылмыш-жаза кодксинин 207-беренесинин («Каракчылык») негизинде кылмыш иши козголгон.

Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү 2001-жылы туулган М.Ы. жана 2005-жылы туулган Б.С. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 132