• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Каракчылык менен кол салууга шектүүлөр кармалды

2 Аяк оона 202422:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына  Т.Н. аттуу жаран кайрылган. Ушул жылдын 7-августунда Чүй проспектиси менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде анын жашы жете элек уулуна күч колдонуп, белгисиз курч буюм менен коркутуп,  IPhone 12 Pro Max маркасындагы уюлдук телефонун  жана 5 миң сомун тартып алып, изин жашырып кеткен  белгисиз адамдарга карата чара көрүү  өтүнүчү менен кайрылган.

Бул боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ( каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам иш-чаралары аркылуу Бишкек шаарынын  ички иштер башкы  башкармалыгынын  ыкчам  кызматкерлери тарабынан, 2005-жылы туулган З.Т., 2006-жылы туулган Э. Э. жана 2006-жылы туулган С. З. (мурда бир нече жолу соттолгон) аттуу  шектүүлөр кармалган. Алар райондук башкармалыктын тергөө кызматына жеткирилип,  КР КЖКнын 96-беренесинин негизинде  Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына  киргизилди. 

Шектүүлөр мурда кылмыштуу жол менен табылган  уюлдук телефонду күрөөканага  сатып жибергенин, ал эми түшкөн акчаны жеке муктаждыктарына жумшалганы аныкталган. Учурда телефон ээсине кайтарылды. Ошондой эле шектүүлөрдү текшергенде бүктөмө бычак, уюлдук телефондор табылып, алынган. 

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББНын басма сөз кызматы билдирди.

Көңүл буруңуз! Кылмышкерлердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган  болсоңуздар же болбосо  кандайдыр бир маалыматыңыздар болсо төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлоону суранабыз: 0(777) 03-15-15 же 102.

Количество просмотров: 128