• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Чүйдө каракчылыкка шектелген 6 өспүрүм кармалды

17 Бирдин айы 2022 14:31 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда каракчылыкка шектелген 6 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 24 жаштагы С.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ушул жылдын 15-февралына караган түнү жаңы конуштардын көчөлөрүнүн биринде ага карата күч колдонуп, “Редми” үлгүсүндөгү телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткен адамдарга карата чара көрүүнү суранган.

Ушундай эле арыз менен райондук ички иштер бөлүмүнө ошол айылдын дагы бир тургуну 18 жаштагы А.К. кайрылып, ал дагы ушундай жагдайда телефонун белгисиз адамдар тартып алганын билдирген.

Бул фактылар КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноочулук) негизинде катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

«Керектүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүрүшүндө шектүү катары 18 жаштагы К.Р, 17 жаштагы Б.С., А.А., 16 жаштагы Б.Э., К.Ы., С.Ф. райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинген»,-деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 101