• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Чүйдө катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа адамды сүзүп кетти (видео)

29 Үчтүн айы 202017:20 Бишкек Govori.TV

28-январь күнү кечинде, Александровка айылында жөө адамды койдуруп кеткен учур видеого түшүп калган. Жабырлануучу ошол жерден жан берип, айдоочу качып кеткен.

ЖКККББдан билдиришкендей, окуя Бишкек — Чалдовар жолунун 32-чакырымында болгон. Автоунаа чыгыштан батышты көздөй бара жаткан. Каза болгон адам 32 жашта экени айтылды.

«Перехват» планы жарыяланып, инспекторлор шектүүнү ошол эле күнү саат 22.15те кармашты. Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автонун ээси Беловодское айылында өз үйүнөн табылды.

29 жаштагы шектүү күнөөсүн мойнуна алган. Ал эми аны наркология бөлүмүнө алып барышканда, кырсык болгон учурда канында алкоголь болгону аныкталды.

Иликтөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 413