• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Чүйдө колониядан качкан аял кармалды

29 Кулжа 2021 13:14 Бишкек Govori.TV

Чүйдө колониядан качып, издөөдө жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1982-жылы туулган Д.Н. аттуу аял Молдовановка айылындагы №26 абактан жазасын өтөп жатып качып кеткенине байланыштуу февраль айынын аягында издөө жарыяланган. 28-июнь күнү милиция кызматкерлери тарабынан абактан качкан аял кармалып, Жазаларды аткаруу кызматына өткөрүп берилди.

Мындан сырткары милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы аял уурулукка шектелип жатканы аныкталган. Ал жарандардын ишенимине кирип, ар кандай үй буюмдарын уурдап жүргөнү маалым болгон. Буга байланыштуу сүрөттөгү аялдын кылмыштуу аракетинен жабыркаган жарандарды жакын жердеги ички иштер органдарына кайрылса болот.

Количество просмотров: 1834