• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чүйдө мүрзөдөгү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалды

9 Жалган куран 2021 17:58 Бишкек Govori.TV

Москва районунун аймагындагы мүрзөдөгү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалышкан. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын март айынын башында Москва районунун ИИБнө мүрзөдөгү темир тосмолорду белгисиз бирөөлөр уурдап жатканы боюнча бир нече жаран арыз менен кайрылган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Москва РИИБдүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 19, 20 жана 21 жаш курактагы төрт бала кармалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында Москва районунун аймагында темир тосмолорду уурдоо боюнча 7 фактыга тиешеси бар экендиги такталган», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандар тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 319