• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чүйдө мал уурдоого шектелип 3 жигит кармалды

26 Тогуздун айы 2021 12:49 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда мал уурдоого шектелип 3 жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук милициясына 58 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 15-октябрдын түнү Сокулук районунун Саз айылында жайгашкан сарайынын ичинен үч баш малын уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (“Уурдоо”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 19 жаштагы Ж.Э., 25 жаштагы Б.А жана 17 жаштагы Ж.Э. аттуу жарандар шектүү катары кармалды. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жогун текшерүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 144