• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө мал уурулукка шектелип 6 жаран кармалды

6 Бирдин айы 202016:58 Бишкек Govori.TV

 Чүй облусуна караштуу Петровка айылында мал уурулукка шектелип 6 жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-январда 62 жаштагы жергиликтүү тургундун сарайынан ири мүйүздүү малдар уурдалган. Москва РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан  6 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Жалпы чыгым 100 миң сомду түздү. Жабырлануучулар милицияга кайрылып, бул факт Жазык кодексиндеги 200-берене (уурулук) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган», -деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери башталган.

Количество просмотров: 123