• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө маршрутка менен унаа бетме-бет сүзүштү (видео)

10 Бирдин айы 202311:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Нарын – Торугарт трассасында №355 маршрутка менен «Мерседес» үлгүсүндө автоунаа бетме-бет сүзүштү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-февраль күнү саат 17:00 чамасында Люксембург айылында 1991-жылы туулган жеңил автоунаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып рулга ээ боло албай каршы тилкеге чыгып, «Mercedes-Benz Sprinter» менен кагышкан.

«Жол кырсыктын кесепетинен эки айдоочу, жана эки жүргүнчү Кант шаарынын аймактык ооруканасына кайрылды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 9178