• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Чүйдүн губернаторунан сын уккан журналист кыз үн катты

10 Кулжа 201912:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.06.2019.Govori.TV.

“Сиздин жүзүңүз мага жакпады, ошол үчүн сиздин сурооңузга жооп бербейм” деген сын уккан журналист Алия Абдымажитова билдирүү жасап, аны колдогон жалпы кесиптештерине ыраазычылыгын билдирди.

“Мени колдогон жалпы кесиптештериме, досторума, колдоо көрсөткөндөргө терең ыраазычылыгымды билдирем. Жарандык активисттерге, медиа бирикмелерине дагы рахмат айтам. Жазылып калган видеодон Туйгунаалы Абдраимовдун жасаган мамилесине карап деле баа берсе болот. Мен өзүмдүн, кесиптештеримдин дарегине жазылган негативдүү комментарийлерди окудум. Ал үчүн кесиптештеримден кечирим сурайм”,-деген журналист А.Абдымажитова.

Кошумчалай кетсек, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгуналы Абдраимов кийинчерээк Азаттыкка берген маегинде кабарчыдан кыргыздын кызы катары кечирим сурай турганын айткан.


Количество просмотров: 17