• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

 Чүйдө сот тарабынан издөөдө жүргөн жаран кармалды

12 Бугу 202212:18 Бишкек Govori.TV

 Чүйдүн Панфилов районунда сот тарабынан издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 11-май күнү Панфилов райондук милициясынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө сот тарабынан издөөдө жүргөн 1973-жылы туулган С.А. аттуу жарандын өздүгү такталып, колго түшүрүлгөн.

«Ал 24-мартта Панфилов райондук сотунун чечими менен өзүм билемдик фактысы боюнча иштин материалдарынын негизинде соттук териштирүүгө келбегендигине байланыштуу издөөдө жүргөн»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран Панфилов РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 97