• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Чүйдө таанышын өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы аял кармалды

23 Жалган куран 2021 11:13 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Беловодское айылында өзүнүн таанышын өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 21-март күнү саат 16:30 чамасында Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Беловодское айылында жайгашкан үйлөрдүн биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, айтылган үйдөн 1969-жылы туулган Т.М. аттуу жарандын киши колдуу болуп өлгөн жансыз денеси табышкан (бычактан жаракат алган).

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Чүй облусунун ИИББинин Криминалдык милиция кызматынын жана Москва районунун ИИБнин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган А.Ж. аттуу аял киши кармалган. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча кылмышка шектүү деп кармалган аял менен өлтүрүлгөн эркек кишинин ортосунда мас абалда чыр-чатак келип чыккан»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү Москва районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 261