Дөң-Арык айылында токко урунган адам энергетик эмес. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-май күнү саат 15:12де Чүй РЭСине жергиликтүү тургундар телекомдун жыгач мамысында адам илинип турганын айтып чалышкан. РЭСтин ыкчам бригадасы кыска аралыкта келип, илинип турган адамды (каза болгон) жерге түшүрүшкөн.
«Ал 1966-жылы туулган Ш.К. аттуу АТСтин телефонисти болгон. Телеком кызматкери телефон линиясын тартуу үчүн мамыга чыгып токко урунган. Ал кызматкер эч кандай коопсуздук эрежелерин сактаган эмес жана Чүй РЭСине маалымат берген эмес! Эгерде РЭСке маалымат берилгенде РЭС тарабынан коопсуздук үчүн электр энергиясы өчүрүлмөк»,-деп жазылат маалыматта.