Чүй облусунда жол кырсыктын кесепетинен 3 киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата району, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында (Ивановка айылы) «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун ортосундагы бетон тосмосун сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 3 киши (1 эркек, 1 аял, 1 жаш бала) жеринде каза болуп 3 адам жабыркаган (2 аял, 1 эркек). Каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөндөрү такталууда.
Жерине Токмок шаардык №21 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми каза болгон адамдарды куткаруучулар жеткенге чейин тез жардам кызматы алып кеткен.