• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чүйдө уурдалган унаа жолдон өрттөнүп кеткен

14 Чын куран 2021 9:41 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Жайыл районунда унаа уурдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-апрель күнү Жайыл РИИБине 56 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Анда 4-апрелден 5-апрелге караган түнү Хонда Концерто үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөөлөр айдап кетишкенин айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-беренеси «автотранспорт каражаттарын айдай качуу» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Издөө иш-чараларынын натыйжасында 19 жана 25 жаштагы жарандар кармалышкан. Такталгандай, шектүү жарандар уурдалган унаанын тетиктерин чачып, өткөрүүгө шаарга бара жатышканда белгисиз себептерден улам жолдон унаа күйүп кеткен. Алар унаадагы өрттү өчүрө алышпай, күйгөн унааны унаа токтотуучу жайлардын бирине коюшуп, из жашырып кетишкени аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан унаа күйгөн абалда табылган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Количество просмотров: 78