• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Чүйдө өз өмүрүн кыюуга аракет кылган эркек киши куткарылды

22 Бирдин айы 202111:51 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Аламүдүн районунда өз өмүрүн кыюуга аракет кылган эркек киши куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Лебединовка айылынын Бөкөнбаев көчөсүндөгү көпүрөгө болжол менен 30-35 жаштагы эркек киши (аты-жөнү такталууда) чыгып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Ал адам мас абалында болгону айтылат.

Жеринде 4 куткаруучу эркек адамды жерге түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 85