• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чүйдө жүргүнчү ташыган поезддер иштей баштайт

29 Бештин айы 2020 9:11 Бишкек Govori.TV

31-декабрдан тарта Чүй облусунун аймагында жүргүнчү ташыган поезддер иштей баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бардык маршруттар күн сайын, ал эми Кара-Балта — Бишкек — Кара-Балта каттамы күнүнө эки ирет каттайт.

«Маршруттар боюнча айрым өзгөрүүлөр бар. Кайынды — Бишкек — Кайынды каттамында «Лицей» деген жаңы аялдама болот. Ал эми Кара-Балта — Бишкек — Кара-Балта поезди «Бишкек-1″ станциясына чейин барат», — деп айтылат маалыматта.

Жандантууга уруксат берилген каттамдар:

  • Бишкек — Токмок — Бишкек;
  • Кайыңды — Бишкек — Кайыңды;
  • Кара-Балта — Бишкек — Кара-Балта.
Количество просмотров: 162