Сокулук РИИБдин кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, 27-февралда Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине Сокулук районунун 58 жаштагы М.А. аттуу жашоочусу түшкөн. Анын денесинде бычактан алган жаракаты болгон. Кийинчерээк ал киши эс-учуна келбей көз жумган.
Бул факт Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары маркумдун бир тууган инисин — 52 жаштагы М.Д. аттуу жаранды кармашты.
Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя болгон күнү бир туугандар спирт ичимдигин ичип отурушкан. Экөөнүн ортосунда кайым айтышуу болуп, мушташа кетишкен. Анын кесепетинен иниси агасына бычак сайып жиберген. Шектүү жаран камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.