• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

Чүйдө жеңил унаа өрттөнүп кетти 

2 Бештин айы 202210:56 Бишкек Govori.TV

Унаадан өрт чыгып, толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 1-декабрь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылындагы Алма-Ата көчөсүндө унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Жерине бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 12:16да өчүрүлдү. Жолдун боюндагы “Фолксваген гольф” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар жок, учурда өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 103