• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Чүйдө жер титиреди

2 Теке 202422:45 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө бүгүн саат 16:17де катталган. Жердин силкинүүсү калктуу конуштарда сезилген эмес.

Учурда Сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 287