• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө жоголгон малчынын кийимдери дарыянын жээгинен табылды

8 Баш оона 202211:37 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда дайынсыз болуп аткан малчынын кийимдери дарыянын жээгинен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Октябрская айылы менен Лубиная айылынын ортосуна 6-август күнү У.С. аттуу жаран (малчы) мал кайтарууга чыгып кетип кайтып келген эмес. Бүгүн, 8-августта аталган жарандын кийимдери Чу суусунун жээгинен табылган.

Кечээ жерине 3 куткаруучу тартылып, караңгы киргенине байланыштуу издөө иштери токтотулган.

Количество просмотров: 227