• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Дайынсыз болуп жаткан 9 жаштагы кыздын атасы президентке кайрылды

26 Жетинин айы 2021 18:14 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда изделип жаткан 9 жаштагы нын атасы Уткирбек Сулайманов президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасады. аталган видео социалдык түйүндөргө жарыяланды.

«18-ноябрда түштөн кийин 9 жашар Сумая кызым мектепке кеткен боюнча кайтып келген жок. Ошол күндөн бери милиция кызматкерлери менен бирге издеп, бүгүн 8-күн таба албай жатабыз. Урматтуу Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, сиздерден жардам сурайм. Көңүл буруп койсоңуздар. Элге, милиция кызматкерлерине рахмат, тынбай иштеп жатышат. Бардык аймактарда жашагандар, кызымды көрүп калгандар болсо кабарлап коюңуздарды суранам», — деди Сулайманов.

Эске салсак, Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган. Ал мектепке окууга кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Учурда 9 жаштагы Сумаянын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 120-130 см, өңү кара тору, чачы кара кыска, кашы, көзү кара, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: башында ак түстөгү жоолук, үстүндө ак көйнөк, боз түстөгү жемпер, көк түстөгү куртка, кызгыл түстөгү бут кийим болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Хосилжанова Сумая Уткирбековна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке же төмөндөгү телефон аркылуу 102, (03722) 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70 кабарлап койсоңуздар болот.

Количество просмотров: 1228