• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон 19 жаштагы кыз асынган абалда табылды

28 Тогуздун айы 2021 15:21 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон 19 жаштагы кыз асынган абалда табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 26-октябрда Тоң райондук милициясына 39 жаштагы Т.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 19 жаштагы кызы С.А. Тоң районунун Эшперов айылынан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Кызды табуу максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган.

«27-октябрь күнү саат 07:00 чамасында Тоң райондук милициясына «Эклап» эс алуу жайынын көл жээгиндеги бастырмасында кыздын асынып турган сөөгү табылганы боюнча билдирүү келип түшкөн. Тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда асынып алган кыз дайынсыз жоголуп жаткан 19 жаштагы С.А. экендиги аныкталган. Сөөктү сырттан кароодо мойнундагы жиптин тагынан башка тактар байкалган эмес»,-деп айтылат маалыматта.

Сөөк Тоң райондук ооруканасынын өлүкканасына жеткирилип, соттук-медициалык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 495