Жалал-Абадда 50 жаштагы киши дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Cузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Сеңир айылынын тургуну 1972-жылы туулган Боронбаев Бекболот Дубанакулович 2021-жылдын 29-декабрь күнү саат 10:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Учурда Боронбаев Бекболот Дубанакуловичтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 165-170 см, өңү кара тору, кашы, көзү, чачы кара, арык дене түзүлүштө, сакалы бар, 2-топтогу майып.
Кийген кийимдери: Башында кара түстөгү шапка, үстүндө күрөң түстөгү куртка, кара түстөгү шым болгон.
Дайынсыз болуп жаткан Боронбаев Бекболот Дубанакулович тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо (03748) 5 02 09, 0778 15 15 91, 0550 31 31 22 номерлерине кабарласаңыздар болот.