• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чүйдө жол кырсыгынан 2 киши мерт кетти. Жабыркагандар бар

27 Тогуздун айы 2021 11:41 Бишкек Govori.TV

Чүйдө жол кырсыгынан 2 киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-октябрда таңкы саат 07:52лер чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун болжол менен 65-чакырымында жол кырсыгы катталган. Анда Mercedes Benz C 180 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, жолдун четиндеги бакты сүзгөн.

Кырсыктан эки адам мерт кетип, бир эркек киши жабыркаган. Жерине үч куткаруучу тартылып, маркумдардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаран жеке унаа менен Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген.

Количество просмотров: 377