Ысык-Ата районунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынанбилдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы Ленин көчөсүндө “ВАЗ-2107” жана “Mercedes-Sprinter” унааларынын ортосунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши (1997-жылы туулган) каза болуп, 3 адам жабыркаган (аты жөндөрү такталууда).
Жерине ӨКМдин №27 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркагандар медицина кызматынын унаасы менен ооруканага жеткирилген.